"Мурас Ордонун" окуучулары үчүн мектеп автобусу каттай баштады

© пресс-служба мэрии города БишкекОкуучулар автобуска отуруп жатышат. Архив
Окуучулар автобуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар автобусу 200 окуучуну класс жетекчиси менен биргеликте мектепке алып келип жана кайра үйлөрүнө жеткирип турат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Мурас Ордо" конушунун кичинекей жашоочуларын коңшу Степное айылындагы "Келечек" мектебине ташый баштады. Бул туурасында Бишкектин мэриясынын маалымат кызматы билдирет. 

Мектеп ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү мектеп окуучуларынан үчтөн бирине ысык тамак берилүүдө
Биринчи Май райондук администрациясы Бишкек автотранспорт ишканасынын кызматынан пайдаланып, 200 окуучуну класс жетекчиси менен бирге мектепке ташуу чечимин кабыл алды. Балдар автобусу окуу расписаниеси боюнча балдарды мектепке алып келип жана кайра үйлөрүнө жеткирип турат. 

Мэрия аталган мектепке окуу китептери менен камсыздоо жана материалды-техникалык базасын чыңдоо боюнча жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0