Педиатр: начар тамактанган балдардын акыл-эси өрчүбөй калат

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицинская сестра осматривает больного
Медицинская сестра осматривает больного - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар белок жана май жетишсиз камтылган төмөн калорийлүү тамактар менен азыктанышат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Наристелердин азыгында тоюмдуу заттардын жетишсиздиги алардын акыл-эсинин жана денесинин өрчүшүнө терс таасир тийгизе турганын №3 шаардык балдар ооруканасынын жогорку категориядагы дарыгери Венера Жапаркулова билдирди.

Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы пенсионерлер өлкө боюнча эң начар тамактанышат
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар  белок жана май жетишсиз камтылган, төмөн калорийлүү тамактар менен азыктанышат.

Андан чоңураак балдардын тамагында калорий жетиштүү болгону менен, статистикага ылайык алар эт, май, жумуртка, сүт азыктарын көп жешпейт.

Дарыгердин айтымында, беш жашка чейинки наристелер бош, назик болушат — тоюмдуу заттардын жетишсиздиги организмдеги темирдин азайышына, анемияга алып келип, ооруга туруштук берүүсүн начарлатат.

"Энелер менен маектешүүдө балдарын керектүү тамак менен камсыздоого алардын каражаты чектелүү экенин көрөм. Керек болсо, нан-чай менен гана отургандар бар. Балдарын деле ошону менен тоюндурушат", — дейт Жапаркулова.

Педиатр наристелердин организми айрым азыктарды сиңире албай турганын, ошону менен бирге туура эмес бир түрдүү тамак баланын ден соолугун жабыркатышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0