Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочуларды жашаган дарегин так көрсөтүүгө чакырууда

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүШайлоо тизмесин текшерүү. Архив
Шайлоо тизмесин текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, жалпы тизмеде жок экендиги аныкталган жаран шайлоого чейинки 15 күндүн ичинде тийиштүү участкалык комиссияга арыз менен кайрылууга укуктуу.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча  иштердин натыйжасында жашаган дареги так көрсөтүлбөгөн 4441 жаран аныкталганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата биометрикалык маалыматтын негизинде түзүлгөн шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

"Мыйзамга ылайык, жалпы тизмеде жок экендиги аныкталган жаран шайлоого чейинки 15 күндүн ичинде тийиштүү участкалык комиссияга арыз менен кайрылууга укуктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы тизмеге катталган жарандарды тийиштүү участкалык комиссияга жашаган дареги тууралуу так маалымат берүү зкеректигин эскертет.

Шайлоочулар үчүн маалымат телефону дем алышсыз иштейт
Андан тышкары, жарандар Каттоо кызматынын 0312 98-61-41 телефону аркылуу шайлоо процесси, тийиштүү документтер, биометрикалык маалымат кабыл алуу пункттары, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү дарегинин өзгөрүшү сыяктуу маселелер боюнча маалымат ала алат. 

Муну менен бирге биометрикалык каттоодон өтүп кайсы участоктон добуш бере тургандыгы жөнүндө shailoo.srs.kg. сайтынан маалымат алууга болот.

"Өз статусуңду бил" бөлүгүнө жаран аты-жөнүн киргизсе, система анын каттоодон өтүп-өтпөгөнүн аныктайт. Мындан тышкары, кайсы шайлоо участкасынан добуш бере тургандыгы тууралуу маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0