Таксисттер патент алууга милдеттендирилиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы такси. Архив
Бишкек шаарындагы такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчү ташыган таксисттер жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн же патентин көрсөтүшү керек болот.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Таксисттер патент алууга милдеттендирилиши мүмкүндүгү тууралуу маалымат өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылды.

Ыктыярдуу патент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күздөн тарта ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрү кыскарат
Экономика министрлиги жол кыймыл эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Учурдагы эрежеге ылайык, унаа ээси инспекторлорго айдоочулук күбөлүгүн, каттоо документтерин, унаа салыгы төлөнгөндүгүн же салыктан бошотулгандыгын тастыктоочу документин көрсөтүшү керек.

Жаңы эрежеге бир пункт кошулуп, анда жүргүнчүлөрдү же жүк ташуу менен алектенген айдоочулар жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн же патентин көрсөтүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0