02:26 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Улгайган аял. Архив

Нарындагы пенсионерлер өлкө боюнча эң начар тамактанышат

© Sputnik / Михаил Воскресенский
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13720

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Нарын облусундагы кары кишилердин күнүмдүк тамагында белок жана май жетишсиз.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Нарын облусунун пенсионерлери башка аймактарга салыштырмалуу эң начар тамактанышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Маалыматка ылайык, килокалорийдин ар бир адамга бекитилген күндөлүк ченеми 2100дү түзөт.

Таластагы кары-картаңдар калориялуу тамактарды баарынан көп жейт, анын көлөмү бир күндө 3 миң килокалорийден ашат. Андан кийинки орунда Чүй, Ысык-Көл облустары турат, төртүнчү орунда Бишкек болсо, акыркы орунду Нарын облусу ээлейт.

Нарында жашаган пенсионерлер башка аймактагыларга салыштырганда эт, сүт, жумуртканы тамакка аз колдонот экен. Алар керек болгон 72 граммдын ордуна 58 грамм гана жешет. Ошондой эле аз калориялуу тамак жегендердин катарына Баткен, Ысык-Көл, Чүй, Ош облусунун кары-картаңдары кирет.

Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Тема боюнча

Сокулуктук пенсионерлерди почточулар 400 миң сомго алдап кетишти
"Ардагерде" дарылануудан тышкары, пенсионерлер сүйлөшүп, маектеше турган жай ачылат
Белгилер:
пенсионер, Улуттук статистикалык комитети, Ысык-Көл, Нарын, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ