Алайда аймакты мыйзамсыз видеого тартып жүргөн австриялык жаран кармалды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүУчуучу аппарат. Архив
Учуучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Австриянын жараны Кыргызстанга Тажикстандан келгени аныкталган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ош облусунун Сары-Таш чек ара аймагынан Австриянын жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү
Маалыматка ылайык, аталган жаран учкучсуз башкарылган аппараттын жардамы менен Алай районундагы Сары-Таш аймагын видеого тартып жүргөн. Текшерүү учурунда анын чек ара аймагында жүрүүгө жана видео тартууга уруксат берген документтери болгон эмес.

Буга чейин Австриянын жараны Кыргызстанга Тажикстандан келгени аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0