Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтүшү мүмкүн

© Предоставлено Центральным Госархивом КРТурдакун Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында. Архив
Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Турдакун Усубалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюла турганын өкмөттөн билдиришти.

Турдакун Усубалиевдин сүрөттөгү элесине сүртүмдөр
Алдын ала маалыматтар боюнча, Усубалиев менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында саат 10:00дө болот. Бул элдин көп келишине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок буга чейин коштошуу зыйнаты Тарых музейинде болорун уюштуруу комитети билдирген. 

Турдакун Усубалиевди жерге берүүнү уюштуруу иштерин премьер-министр Темир Сариев жетектейт.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0