Жумуштан бошогон аскер кызматкерлери окуудан өтүп, жөнөкөй жашоого ыңгайлашып жатышат

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргызстандын аскер жоокерлери. Архив
Кыргызстандын аскер жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер кызматкерлери сайттарды түзүүнү, маалыматтык технологиялар аркылуу бизнес жасоону жана англис тилин үйрөнүшөт. Курстар аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кызматынан бошотулган жана бошонуу алдында турган аскер кызматкерлери социалдык көнүктүрүүдөн өтө турганын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкерлерине тил жана маалыматтык технологиялар менен иш алып барууну үйрөтүү үчүн КР-НАТОнун кайра даярдоо жана социалдык жактан адаптациялаштыруу программасынын менеджерлери Кристофер Штаудт жана программанын аткаруучу офицери Александра Огородникова келишти. 

Аскер эс алуу кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскерге милдеттүү жарандар маалыматы электрондук базага киргизилет
Аталган программа НАТО менен Кыргызстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Башкы штабдын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Улуттук гвардиянын кадрдык аскер кызматчыларын кесиптик жактан кайра даярдоо жана жарандык жашоого социалдык жактан көнүктүрүү жаатында 2010-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. 

Жумуштан бошотулганына үч-беш жыл болгон жана кийинки эки жыл ичинде бошотула турган  аскер кызматчылары үч айлык курстан өтүшөт. 

Ага ылайык, аскер кызматкерлери сайттарды түзүүнү, маалыматтык технологиялар аркылуу бизнес жасоону жана англис тилин үйрөнүшөт. Курстар аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылат. Окуу курстары башталган беш жыл аралыгында 150дөн ашык аскер кызматчысы билим алууга жетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0