Турдакун Усубалиевдин сөөгүн жерге берүүнү уюштурууга президент 1 млн. сом бөлдү

© Предоставлено Центральным Госархивом КРКөрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Архив
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана коомдук ишмер 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгүн коюуну уюштурууга 1 млн. сом бөлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

"Мамлекет башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгүн коюуну уюштурууга президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бир миллион сом болүндү", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Турдакун Усубалиевди жерге берүүнү уюштуруу иштерин премьер-министр Темир Сариев жетектейт жана тажыя үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында Тарых музейинде өтөт.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0