Усубалиевди акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековТурдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө. Архив
Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруу комитетин премьер-министр Темир Сариев жетектейт.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгүн жерге берүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, уюштуруу комитетин премьер-министр Темир Сариев жетектейт.

Комитетке сөөк коюуну жана жарандык коштошуу ырасымын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды. 

Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0