Сариева: мектептен алган билим менен диний окууларды айырмасын ажыратып билүү керек

© AFP / MOHD RASFANДиний окууга берилген кыздар. Архив
Диний окууга берилген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлик менен комиссия тарабынан Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университеттин алдындагы лицейдин 9-11-класттары үчүн мамлекеттик саясаттын алкагында кошумча диний билим берүү боюнча долбоордун планы иштелип чыкты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мектептен алган билим менен диний окууларды айырмасын ажыратып билүү керектигин билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мында комиссия дин жана диний билим алуу боюнча өз көз карашын айтты. Мекеменин сунуштаган программасы орто, атайын орто жана жогорку билим берүү сыяктуу үч баскычка негизделген. 

Сариева окуучуларга диний сабактар мектептен сырткаркы кошумча билим алуунун негизинде өткөрүлүшү керектигин белгиледи.

"Окуучу түшкө чейин мектепке барат, түштөн кийин ата-энелердин каалоосу боюнча сүрөт тартуу, сууда сүзүү ж.б. ийримдерге катышып же диний билим алат. Бирок мектептен алган негизги билим менен диний окуунун айырмасын так ажыратып билүү зарыл", — деди министр.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлик менен комиссия тарабынан Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университеттин алдындагы лицейдин 9-11-класттары үчүн мамлекеттик саясаттын алкагында кошумча диний билим берүү боюнча долбоордун планы иштелип чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0