Усубалиевдин замандашы: ал таза саясатчы эле

© Sputnik / Табылды КадырбековТурдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө. Архив
Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турдакун Усубалиевич өз тарыхын билмейин, эл көз карандысыздыгын жана өзүн өзү таануучулугун жоготуп коёт деп дайыма айтар эле жана кыргыз эли өз тарых-тамырын сактап калуусуна бардык күч-аркетин жумшады дейт "легендарлуу парламенттин" депутаты Кубанычбек Идинов.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Турдакун Усубалиев таза саясатчы катары элге таанылган деп эсептейт анын замандашы, "легендарлуу парламенттин" депутаты, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт
Дүйшөмбүгө караган түнү узакка созулган оорудан кийин Кыргызстандын көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмери Турдакун Усубалиев дүйнө салды. 1961 – 1985-жылдары Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка шайланган.

Идиновдун айтымында, ал 80-жылдары Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук комитетинде Турдакун Усубалиевдин жетекчилиги астында иштеп, кийинчерээк экөө тең "легендарлуу парламентке" депутат болуп келишкен.

"Ал ниети ушунчалык таза саясатчы болчу. Горбачев башкарып турган убакта СССР өлкөлөрүндө советтик республикалардын мурдагы жетекчилеринен арылуу аракетин жасашкан. Баарына тең бир кычык издеп асылып, ал толкунга Усубалиев да туш болгон. Ал жоопкерчилик менен таза, бир да мыйзамды бузбай иштегендиги үчүн гана калган", — дейт Идинов.

Турдакун Усубалиевич өз тарыхын билмейин, эл көз карандысыздыгын жана өзүн өзү таануучулугун жоготуп коёт деп дайыма айтар эле.

"Усубалиевдин бардык жасаган иш-аракети кыргыз эли өз тарыхын жана тамырын сактап калышына багытталган эле. Анын акыркы алты томдук эмгеги да биздин элдин тарыхына арналган", — дейт замандашы.

Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин юбилейинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турдакун Усубалиев дүйнө салды
Идинов Усубалиевдин жакындарына жана туугандарына көңүл айтып: "Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Атактуу, тарыхый инсан Турдакун Усубалиевичтин жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүдө түбөлүк сакталат", — деди. 

Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Кочкор айылында туулган. 10дон ашуун китептин жана 100дөн ашуун макаланын автору. Эмгек жолун 1938-жылы Кочкор айылында мугалимдиктен баштап, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенген. Мамлекеттик түрдүү сыйлыктардын, анын ичинде он ордендин ээси. 2008-жылдан бери "Бирдиктүү Кыргызстан" саясий кыймылынын тең түзүүчүлөрүнүн бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0