Милиция саясий партиялардын кеңселерин күзөттөө боюнча келишим түзүүнү сунуштайт

Жазылуу
Буга чейин саясий партиялардын биринин кеңсесине ууру кирип, 90 миң сомду уурдап кеткен.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматынын башкы башкармалыгы саясий партияларга өз штабдарын, кеңселерин коргоо боюнча келишим түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан саясий партиянын кеңсесине ууру кирип, 90 миң сомду уурдап кеткен. Учурда милиция кызматкерлери ууруну кармоо боюнча ыкчам-иликтөө аракеттерин көрүп жатат.

Өмурбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Мекендин" лидеринин кеңсесине ууру кирип, партиянын баннерлери Бишкектен алынды
Шаардык милиция партия лидерлерине штабдарына күзөт коюп, сак болуусун эскертет. Шайлоого даярдык көрүү учурунда партиянын штабдары жайгашкан кеңселерге видео байкоолорду орнотуп, эшик-терезелерге темир тор орнотуу керектигин айтат. Ошондой эле өрт коопсуздугун да сактоо зарылдыгын белгилейт. 

Партиялардын кеңселериндеги мүлктү коргоо үчүн ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматтын башкы башкармалыгы алар менен келишим түзүүнү сунуштайт.

Келишим түзүүдө тараптардын милдеттери такталат. ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматынын башкы башкармалыгы имараттын абалын текшерип, анын начар болгон жерлерин аныктайт. Ошондой эле кеңсе кызматкерлеринин кирип-чыгышын, баалуу буюмдардын сыртка чыгышын көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0