Актер Стивен Сигал Ыраакы Чыгыш кабыланына Борте ханыша деген ысым ыйгарды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАмерикалык актер Стивен Сигал. Архив
Америкалык актер Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жырткычка актер тарыхый каармандардын биринин атын тандады. Анын айтымында, ал ат азайып бара жаткан бул жаныбарга күч берип, айбатын арттырышы керек.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк экологиялык форумга келген америкалык актер Стивен Сигал кабыландын ургаачысын Чыңгызхандын биринчи аялынын урматына — Queen Borte (Борте ханыша) деп атады.

АКШ ЖМКсы: Памела Спратлен Өзбекстандагы элчи кызматына бекитилди
Анын айтымында, бул ат саны азайып бара жаткан жаныбарга күч берип, айбатын арттырышы керек.

Форумдун программасынын бир бөлүгүн экологиялык кайрымдуулук аукциону түздү. "Кабыландын жери" улуттук паркы менен "Ыраакы Чыгыш кабыландары" коммерциялык эмес уюму тарабынан темгилдүү жаныбарлардын өтө сейрек кездешүүчү түрүнө ат берүү мүмкүнчүлүгү сатыкка коюлган.

"Мен өзүмдүн атымды жана жүзүмдү кабыландарга жардам берүү үчүн пайдалангым келет", — деди Сигал.

Өзүнүн бул оюн актер аталган сейрек жаныбарга арналган көргөзмөдө билдирди. Бүгүнкү күндө Россияда кабыландын санын 30дан 70ке жеткирүү мүмкүн болгонун актерго адистер билдиришти, бирок мейман бул дагы да жетишсиз деген оюн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0