Бүгүн Чүй менен Ысык-Көлдө кар жаашы күтүлөт

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын тоолору. Архив
Кыргызстандын тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында аба ырайы кескин өзгөрөт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чүй, Ысык-Көл облустарында аба ырайы салкындап, ал эми калган аймактарда абал өзгөрбөй тургандыгын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт", — деп билдирди маалымат кызматы. 

ӨКМ батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетери билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0