Сариев каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө материалдык көмөк көрсөтөт

Жазылуу
Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Көлдө 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди.

Исмаевдин бүлөсүндөгү эрдиктен кийинки жашоо, өкмөттүн көз жаздымында калган бөбөктөр
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кызды куткарып, бирок өзү каза болуп калган. 

Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактайм деп каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө жана Өзгөчө кырдаалдар министри бул сыяктуу окуяларды тактап, мамлекеттик жардам көрсөтүү жагын эске алууну тапшырган эле. 

Бирок, Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысына өкмөт тараптан материалдык жардам көрсөтүлө электигин айткан.

Дудук кызды сактап калып, бирок өзү суудан чыга албай калган Памир Исмаевдин артында чиедей төрт баласы жана ай-күнүнө жетип турган келинчеги калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0