15:45 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Жайлоодон малды жакага түшүрүү кези. Архив

Жааган кардам улам, Суусамырдагы малды жакага түшүрүү камы башталды

© AFP 2018 / Vyacheslav Oseledko
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0 0

Суусамыр жайлоосунда Бакай-Атанын Кең-Арал айыл аймагында багылып жаткан 6,5 миңге чукул кой жааган кардан зыянга учураган жок.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Талас облусунун Талас районунун жогорку тоолуу зоналарында жайгашкан айыл аймактарындагы табигый кырсыктан келтирилген зыяндар четинен калыбына келтирилүүдө. Суусамырдагы малды түшүрүүгө кам көрүлүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Талас-Суусамыр трассасынын боюнда Шумкар — Уядан баштап өйдө жагындагы айдоо жерлер толугу менен кардын астында калган, бирок күн ачылганына байланыштуу кар эрип, арпа өзүнүн калыбына келгенине күбө болдук", — деп билдирди облустук өкүлчүлүктүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов. 

Шатманов Айдаралиев айыл аймагында 300 гектар кылкандуу дан эгиндерди, 500 гектар картошка жана 900 гектар көп жылдык чөптү басып калган кар эрип кеткендигин айтты. 

Алардын ичинен Талды-Булак аймагындагы кардын астында калган 25 гектар арпа комбайн менен чапканга жараксыз деп табылды. 

"Калган эки айыл аймактагы айыл чарба өсүмдүктөр өз калыбына келет деген ишеним бар. Бирок, кардын кесепетинен түшүмдүүлүк 15-20 пайызга чейин кемий турган болду",— деди ал.

4-сентябрга карата 12,5 гектар жердин эгиндери менен чөптөрү толугу менен жараксыз болуп калды. 

Суусамыр жайлоосунда Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл аймагында багылып жаткан 6,5 миңге чукул кой бар. 2-сентябрдын түнү нөшөрлөгөн жаан карга айланып 50-60 см. кар жайыттарды басып калган. Жергиликтүү бийлик калган мал аба ырайынын шартына ылайык, жайлоодон түшүрүүгө ылдый жакка көчүрүүгө кам көрүүдө. 

Кар түшкөн аймактарда облустук өкүлчүлүктүн ыкчам тобу, медицина жана ветеринардык кызматтар малчыларга жардам берүү боюнча ыкчам иштерди алып барууда.

Тема боюнча

Күйдүргү дартынан улам Ат-Башыда мал эмделип жатат
Белгилер:
кургак чөп, кой, жайлоо, мал, кар, Абай Шатманов, Талас облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ