Сариевдин тапшырмасы менен жол кайгуул кызматынын реформалар пакети иштелип чыкты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОзнакомление с деятельностью Центрально-Азиатского института
Ознакомление с деятельностью Центрально-Азиатского института - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жол көзөмөлдөө кызматында ушул кезге дейре тартип орнотулган эместиги жана түзүмгө тез арадагы реформалар керектиги айтылып келген.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Жол-кайгуул кызматы (ЖКК) тутумундагы Реформалар пакети иштелип чыкты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин өкмөт башчысы Ички иштер министрлигинин коллегиясында белгилегендей, ЖКК ушул кезге дейре тартип орнотулган эмес жана түзүмгө тез арадагы реформалар зарыл. 

Дьяченко жол инспекторлорунун жеке унаасын кызматтык унаага айлантуу жолдорун түшүндүрдү
Буга байланыштуу Сариевдин тапшырмасы боюнча көз карандысыз эксперттик топ ЖКК тутумундагы реформалар пакетин иштеп чыгуусун аяктоодо. Ал бир нече багыттарды камтыды. Алар: жол кыймыл эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду акчалай түрдө кабыл алуунунун толук түрдө жоюулушу; Айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу – одоно мыйзам бузууда гана, мисалы, мас абалда унаа башкарган учурда ишке ашыат. Андан сырткары, ЖКК кызматкери тараптан портативдүү видеорегистраторлордун милдеттүү түрдө пайдаланылышы; Инспекторлордун жеке унааларын атайы жарыктандыруу жана үн сигналдарын, атайы графикалык схемаларды милдеттүү түрдө орнотуу ыкмасы менен кызматтык максатта пайдалануу мүмкүндүгү чечилүүдө.

Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү үчүн Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы, ошондой эле "Бишкек – Токмок" жана "Бишкек – Кара-Балта" унаа жолдорундагы жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча автоматташтырылган тутумду киргизүү маселеси иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0