Өнөр чеберлери төш белги менен сыйланышты

CC BY 2.0 / Paul Hudson / MicrophoneМикрофон. Архивное фото
Микрофон. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине Адил Чекилов, Гүлнара Тойгонбаева, Асема Токтобекова, Жамиля Муратова жана бир катар искусство адамдары ээ болушту

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө салым кошкон айрым жарандарды "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлады.

Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду
Маалыматка ылайык, аталган сыйлыкка Алымбек Коробаев, Төлөн Касаболотов, Игорь Воронцов, Адил Чекилов, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Асема Токтобекова, Канат Кожомбердиев, Жылдызбүбү Салбаева, Аида Диканбаева, Айжан Жолдубаева, Бактыгүл Адышева, Татьяна Хомуло татышты. 

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0