Чек арадагы чатактын алдын алуу боюнча иштеген топ Таласта түзүлдү

Жазылуу
Топтун иши майнаптуу болушу үчүн ЕККУ Мамлекеттик чек ара кызматында атайын бөлмөнү жабдып берди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара аймактарында болуучу чыр-чатактардын алдын ала турган кезектеги топ Талас облусундагы башкармалыктын алдында түзүлүп, ишин баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирет. 

Бул топтор Мамлекеттик чек ара кызматы менен Европалык коопсуздук кызматташтык уюмунун биргелешкен иш-аракеттеринин алкагында түзүлдү. 

Максат — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен элдин арасында Талас облусундагы чек ара аймактарында чыр-чатактардын алдын алуу жана жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 

Торугарт жана Эркештам бажы пункттарынын иштөө мөөнөтү узарат
Топтун иши майнаптуу болушу үчүн ЕККУ Мамлекеттик чек ара кызматында атайын бөлмөнү жабдып берди. Эгерде чек арада кандайдыр бир чукул өзгөчө абал болсо, Бишкектеги жетекчилик топтун өкүлдөрү менен түз жана ыкчам байланыша алат. 

Топтор чек ара аймагында иштеген жана башкаруу иштерин жүргүзүүгө катышкан башка ведомстволор менен жергиликтүү деңгээлде иш алып барышы керек. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын полковниги Туратбек Шабданбеков бул жаатта  ведомствонун тажрыйбасы бар экенин айтты. 

"Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, чек арага жакын жайгашкан айылдардын эли менен өз ара ала-катнашты оң маанайда күчөтөбүз деген ишенимде турабыз", — деди Шабданбеков.

Чек ара зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маматалиев: быйыл чек ара жаңжалы былтыркыга караганда төрт эсеге азайды
Мындай топтор аймактарда ЕККУнун долбоорунун алкагында 2011-жылдары  түзүлгөн. Анда ведомстволор аралык иштерди күчөтүү, жергиликтүү калкка улуттар аралык кызматташуу жана чек ара тилкесиндеги бекитилген эрежелер туурасында маалымат берүү максаты көздөлгөн. 

Топтордун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын, күч түзүмдөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирген. Буга көзөмөлдү КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0