Маматалиев: быйыл чек ара жаңжалы былтыркыга караганда төрт эсеге азайды

Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстанда чек арага байланышкан сегиз чыр-чатак катталган. 2014-жылы бул мезгилде алардын саны 32ге жеткен.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чек ара чатагы өткөн жылга салыштырмалуу төрт эсеге азайганын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанда чек арага байланышкан сегиз чыр-чатак катталган. 2014-жылы бул мезгилде алардын саны 32ге жеткен..

"Бардык жерлерде көйгөйдү чечүүдө милиция кызматкерлери катышкан. Дал ошолор чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууда маанилүү роль ойношту", — деди вице-премьер.

Маматалиев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушунун алкагында кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" өткөрүү пунктунда бажы жана чек ара көзөмөлүн сапаттуу жүргүзүү үчүн жаңы жабдык алынып келип, реформа жасаларын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0