Полковник: соолуктуруучу жайда кишилер эмнеге өлүп жатканын түшүнбөй койгонбуз

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСоолуктуруучу жай. Архив
Соолуктуруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздарда "мастан жинди качып кутулуптур" деген кеп бар. Мас болгон кишиге теңелип, аны тартипке салам деген бекер сөз.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда бир да соолуктуруучу жай жок. Алар аракечтердин укугун кемсинтпес үчүн жабылган деп айтып берди Sputnik агенттигине милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко.

Совет мезгилинде Зеличенко Таласта милициянын жетекчиси болчу. Ал жерде сегиз кишиге ылайыкталган соолуктуруучу жай бар эле. Полковник мастардын жайы эч качан бош калчу эмес деп эскерет.

"Прокуратуранын, ички коопсуздук кызматынын катышуусу менен кызматтык тергөө иштерин көп жүргүзөр элек. Себеби, эмнегедир соолуктуруучу жайга түшкөндөр көп өлчү. Денесин союп текшерткен учурда эч зомбулуксуз өлгөнү аныкталып, биз эч нерсе түшүнбөй калар элек. Мунун себеби күтүүсүз жөнөкөй болуп чыкты: аракечтер эртең менен башын жаза албагандыктан, жүрөгү токтоп калчу экен", — деп айтып берди мурдагы милиционер.

Бул милиционерлердин атайын тажрыйбасы жоктугунан болчу дейт ал.

"Менин көз карашымда, мас адамдарды милиция эмес, дарыгерлер соолуктурушу керек. Тартип сакчылары мас адамды ууланып калган же психотроптук заттан маң болгондордон айырмалай албаган учурлар көп болот. Бул өтө маанилүү", — деди Зеличенко.

Анын ою боюнча, дарыгерлердин мас кишилер менен иш алып баруусунда милициянын кийлигишүүсү зарыл, себеби, ашказанга жинди суу кирип калгандан кийин, алар баатыр болуп чыга келишет. Бишкектин "Тез жардам" станциясынын башкы врачы Искендер Шаяхметовдун айтымында, ал психиатриялык бригаданын санитары болуп иштеп турганда мас кишилер дарыгерлер менен чабышып, чапчыша кеткен учурлар көп болгон. 

"Мурда Бишкектин ар бир районунда бирден соолуктуруучу жай болор эле. Азыр ооруканалар мастарды кабыл алуудан баш тарткан учурлар көп. Бирок селсаяктар менен иштеген кыйын – аларды алып барар жер жок. Суук күндөрү тоңуп өлүп калган учурлар да болот", — дейт дарыгер.

Мас киши менен кантип сүйлөшүү керектигин Sputnik агенттигине психолог Леонид Соболев айтып берди. Анын сөзүнө караганда, ичип алган кишинин маанайын аныктоо оңой эле, себеби аракка мас абалда өз сезимдериңди жашырыш өтө кыйын.

"Эгер мас адам кызууланып, жинденип турса, ал эки жагын улам каранып, колуна бирөө-жарым тиер бекен деп издейт. Мушташканга шылтоо табыш үчүн кычыктанып, суроо берип, тийишет. Ошон үчүн эң сылык жооп берсең да, туура эмес кабыл алып, баары бир уруштун сөзүн сүйлөп туруп алат. Эгер чатак салам, бир уруп алам десе, айтканынан кайтпайт", — деди психолог. 

Графие идиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас абалында сууга түшүп жаткан адам агып кеткен
Соболев мындай учурда мастан четтеп же такыр эле качып кеткен оң экенин баса белгилейт. Анын айтымында, агрессия ичип алган кишинин күчүн көп алып коёт, ошондуктан ал артыңдан кууганга алы келбейт. Дегинкиси, мындай кишини коомдон обочо бөлүп кармаш керек деп эсептейт психолог. 

Совет доорундагы соолуктуруучу жайларды кайра калыбына келтирүү сунуштары Россияда да айтылып жүрөт. Үстүбүздөгү жылдын жазында мындай демилгени РФтин ИИМ башчысы Владимир Колокольцев көтөрүп чыккан, андан мурдараак Россиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова да ушундай оюн айткан. 

Кыргызстанда бул маселе жогорку деңгээлде талкуулана элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0