Сузактын тоолуу аймактарында эки мектеп ачылды

© Наргис ДжаманкуловаКыргызстандын жайлоосундагы бала бакчалар. Архив
Кыргызстандын жайлоосундагы бала бакчалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он биринчи класстын окуучуларына ачык сабак өткөн Тайырбек Сарпашев, аларга Кыргызстандын Борбор азиядагы ролу туурасында айтып берди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сузактын Ачы жана Барпы айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышып, бирөөсүндө ачык сабак өттү.

Ачыдагы мектеп бийик тоолуу аймакта жайгашып, республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Ал эми Барпы айылындагы билим берүү жайын жергиликтүү бийлик ашар жолу менен тургузган.

Сарпашев 11-класска ачык сабак өтүп, Кыргызстандын Борбор Азиядагы ролу туурасында айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0