Эстен кеткис биринчи класс

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКоңгуроо. Архив
Коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп босогосун жаңы аттаган күндү эстегенде, баарынан да көз алдыга мугалимдер, кеңири класстар келип, болуп жаткан күтүүсүз нерселерге таң калганың оюңа түшөт. Анан, албетте, биринчи мугалимдин аты эч эстен кетпейт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бул күн кызыл менен белгиленип, расмий майрамдалбаса да, мектептен талпынып учкан ар бир адамдын жүрөгүндө ар убак сакталып келет.

Быйыл республика боюнча 109 миң жеткинчек мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Мындан улам Sputnik агенттиги бүгүнкү күндө очор-бачар болуп калган жарандардан алгачкы ирет 1-класска барган күнү тууралуу сурамжылады.

Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:

Бүгүн 109 миң кыргызстандык жеткинчек үчүн биринчи коңгуроо кагылды
— Кербендин Бөкөмбаев атындагы мектебине баргам. Мектептин бүтүрүүчү классына барган агама көтөртүп алып, биринчи коңгуроону какканым эсимде. Чачыма аябай чоң банттарды байлап беришкен. Гольфторумдун чачылуу боолору бар эле, баскан сайын бутума тийип турчу. Мен аны салтанаттуу учурларда гана кийчүмүн. Анан, албетте, биринчи мугалимим Свистун Надежда Владимировнанын аты өмүр бою эсимде калды.

Абдыманап Кутушев, ЖК депутаты:

— Менин биринчи сентябрым 1973-жылы Алай районунун Токтогул атындагы мектебинде өткөн. Ошол мектепти аяктадым. Мени баарынан да көп бала отурган чоң класс ыңгайсыз абалга калтырган. Биринчи мугалимим менен ушул убакка чейин байланышым бар. Аты Гүлаз. Сабактардан эч корккон эмесмин, анткени ага чейин эле окуганды, жазганды үйрөнүп алгам. 

Тагжана Айдаралиева, "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы:

— Апам мектепте иштеп, кичине кезимен эле ал жакка көп барып жүргөндүктөн, мектеп мен үчүн өзгөчө окуя болгон жок. 1986-жылдын 1-сентябрында Кеминдеги мектептин босогосун аттаганда өзүмдү аябагандай чоң адам сезгем. Ал күнү мен  эч чарчаган эмесмин, анткени биринчи мугалимим Людмила Николаевна Морозова бизди оозубуз ачылгыча кызыктырып койгон. Ал жакшы мезгил болчу.

Мария Зозуля, журналист-редактор:

Ош шаарында 21 миңден ашуун бала мектепке барды
— 1990-жылы Целиноград шаарындагы мектептин 1-классындагы салтанаттуу жыйын мага эч кандай таасир берген эмес. Уйкум келип, эмне болуп атканын түшүнбөй турганым эсимде. Анан эле класска киргенден кийин, жакшынакай жасанып алган, супсулуу Сауле аттуу эжейибизге баарыбыз арбалып калганбыз. Балдар менен таанышуу үчүн катарлардан өтүп баратып баарыбызды колдорубуздан, башыбыздан сылап кетет. Мени да байкап калса экен, көрбөй өтүп кетпесе экен деп атып отурган жерлерибизден жыгылып кала жаздаганбыз. Кийин көп жыл өткөн соң классташтарыбыз менен сүйлөшүп отуруп, баарыбыздын эсибизде так ошол күн кыттай уюп калганын билдик.

Александр Фейдман, IT-адис:

— Мен биринчи класска 1981-жылы Киев шаарындагы №199 мектепке баргам. Баары ранец аркасына асынып жүрсө, мен "Динамо-Киев" деген жазуусу бар ийинге асма сумка көтөрүп барып өзгөчөлөнгөм. Аябай тартынчаак болгондуктан, арткы партага барып отуруп алсам, биринчи мугалимим Варвара Александровна: "супсулуу болгон бала артка жашынып калган турбайбы" деп үчүнчү катардын биринчи партасына отургузуп койгон. Башалгыч классты бүткөнгө чейин ошол жерде отурдум. Мектепке баруунун эң эле мага жаккан жери — күндүз уктабай калганым болгон. Анткени чоңоюп, мектепке барып калдым да.

Кудайберген Базарбаев, социалдык өнүктүрүү министри:

Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
— 1966-жылдын биринчи сентябрында Токмок шаарынын №8 мектебине бардым. Бул республикадагы мыкты мектептердин бири болчу. Биринчи мугалимим Александра Никифоровна Зубрилова Ленин жөнүндөгү айткандары менен аябай таң калтырган. Көрсө, агасы 1917-жылдагы революция учурунда Петроградда Владимир Ильич менен бирге болгон экен. Андан тышкары, мага Носовдун "Живая шляпа" деген китебин белекке беришкен. Аны окуп боорум эзиле күлүп атып мугалимден эскертүү алганым эсимде. Бул мен үчүн абдан кымбат белек болчу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0