Бүгүн 109 миң кыргызстандык жеткинчек үчүн биринчи коңгуроо кагылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу биринчи сентябрь линейкасында. Архив
Окуучу биринчи сентябрь линейкасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн жыйынында мектеп окуучуларынын саны жыл сайын көбөйүп жатканына карабай, бюджет өз ордунда турганы белгиленген.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы окуу жылында 109 миңден ашуун жеткинчек мектеп босогосун алгачкы жолу аттаганын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Буга чейин өкмөттүн жыйынында мектеп окуучуларынын саны жыл сайын көбөйүп жатканына карабай, бюджет өз ордунда турганы белгиленген.

"Кыргызстанда учурда 2207 мектеп бар, бүгүнкү күндө алардын бары жаңы окуу жылына даяр", — деди министр.

Сариева өкмөт тарабынан мектепке чейинки даярдык боюнча 480 сааттык жаңы программа киргизилгенин кошумчалады. Анын айтымында, аталган программаны толугу менен мамлекет каржылайт.

Программа 5-6 жаштагы балдарга арналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0