Twitter Темир Сариевдин баракчасын расмий түрдө тастыктады

Жазылуу
Темир Сариев Twitter социалдык тармагындагы баракчасына өзү жаза турганын анын маалымат катчысы билдирди.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Twitter социалдык тармагы КР премьер-министри Темир Сариевдин баракчасын расмий түрдө тастыктаганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Кыргызстанда бир катар белгилүү кишилердин Твиттердеги баракчасын анын жардамчылары алып барат же ага окшош атты тандап алгандар жазат. Twitter компаниясы социалдык тармактагы баракчасын тастыктагандан кийин, колдонуучунун атынын жанында көк белги пайда болот.

Асанов @Temir_Sariev аты менен Твиттерге катталган аккуант менен премьер-министр өзү кирип жаза турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0