Майрамдык салют Ала-Тоо аянтында түн ортосунда атылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Город 312" группасы Ала-Тоо аянтында. Архив
Город 312 группасы Ала-Тоо аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт аяктаган соң салют атылат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнүн урматына болгон концерт аяктаган соң, борбордук Ала-Тоо аянтында түн жарымда майрамдык салют атылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт аяктаган соң, түн ортосунда 10 мүнөттүк салют атылат", — деп маалымдады мэриядан.

Учурда борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюштурулган майрамдык концерт өтүп жатат. Ага бир катар чет элдик ырчылар чакырылган. Алар: француздардын Ottawan тобу, Вера Брежнева, Лепс, Дима Билан жана "Город-312" менен "Сплин" топтору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0