БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жаткан палоо фестивалында 11 команда ат салышып жатканын Sputnik агенттигине конкурстун катышуучусу Сергей Тиссен айтып берди.
Чүй облусунун Аламдүн районунда Кыргызстандын эгемендик майрамына карата эл аралык палоо фестивалы өтүүдө.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулган фестивалдын программасында бир катар көңүл ачуучу иш-чаралар каралган.
Фестивалдын көрүүчүлөрү үчүн дасторкон жайылган.