Караколдуктар Эгемендүүлүк күнүн 62 миң сомго майрамдашты

© Азамат АйтбаевКараколдуктар Эгемендүүлүк күнүн 62 миң сомго майрамдашты
Караколдуктар Эгемендүүлүк күнүн 62 миң сомго майрамдашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерттен тышкары, спорт оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланды.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Караколдуктар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн ири майрамдык концерт менен тосушканын Sputnik агенттигине шаар тургуну Азамат Айтбаев билдирди.

Балдардын бий топтору Ала-Тоо аянтында өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк күнү: Ала-Тоодогу көңүл жаркыткан майрамдык маанайдан ирмемдер
Майрамдык иш-чара шаардын борбордук аянтында өттү. Эки миңден ашуун шаардыктар келген салтанатка өкмөт аппаратынын жетекчиси, ЖК депутаттары жана өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү катышты.

Аянтка боз үйлөр тигилип, мамлекеттик желек тагылган.

Концерттен тышкары, спорт оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу байгелер менен сыйланды.

Майрамдык иш-чарага шаардык бюджеттен 62 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0