Сариев: "Кыргызгаз" ишканасын "Газпромго" сатуудан чочулоо негизсиз экени анык болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГазпром газ тутактары. Архив
Газпром газ тутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын социалдык программасынын негизинде өлкө боюнча 16 заманбап дене тарбия жана саламаттыкты чыңдоо борборлору курулат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Өлкө аймагынын 70 пайызын "Газпром-Кыргызстан" компаниясы газ менен камсыздай турганын премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Кара-Суу районунда балдардын ден соолугун чыңдоочу борбордун ачылыш аземинде билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу "Газпромдун" социалдык программасынын алкагында компаниянын каржылоосу менен ишке ашкан. 

Сариев иш-чарага катышкандарды Эгемендик майрамы менен куттуктап, "Газпром" компаниясына ыраазычылык билдирди. 

"Компаниянын социалдык программасынын негизинде өлкө боюнча 16 заманбап дене тарбия жана саламаттыкты чыңдоо борборлору курулат. "Кыргызгаз" ишканасын "Газпромго" сатылышына айрым адамдар чочулап, бул демилгени сындап чыгышкан эле. Бирок учурда ал чочулоолор негизсиз экени анык болууда. Эң башкысы, мындан ары элибиз үзгүлтүксүз газ менен камсыз болот", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр бардык жарандарды өлкөбүздө ынтымак жана биримдик сакталышына жапа тырмак аракет кылып, туруктуу өнүгүүгө бирге аракет кылууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0