14:50 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
26420

Сибирь Федералдык университети 2009-жылдан бери Кыргызстандан абитуриенттерди кабыл алат. Учурда аталган окуу жайда 520 кыргызстандык студент билим алууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 58 абитуриент Россиянын Красноярск шаарында Сибирь Федералдык университетинен билим алуу үчүн жөнөп кеткенин аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Сталбек Асылбеков билдирди.

"Замандаш" ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, Асылбековдун айтымында, бюджеттик бөлүмгө өткөн кыргызстандык студенттер 27-августта Красноярск шаарына жөнөп кетишкен. 

"Учурда студенттер университеттин жатаканаларына жайгаштырылды. Мындан тышкары, кампус жана окуу шарттары менен таанышып жатышат", — деди Асылбеков.

Куралдуу Күчтөрүнүн курсанттары. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сибирь Федералдык университети 2009-жылдан бери Кыргызстандан абитуриенттерди кабыл алат.  Учурда аталган окуу жайда 520 кыргызстандык студент билим алууда.

Быйыл кирүү экзамендерин Кыргызстандын бардык аймагынан 520 окуучу тапшырып, 58 абитуриент техникалык жана инженердик багыттагы окууга жолдомо алышкан. 

Тема боюнча

Билим берүү министрлиги: мектеп формасынын 80ден ашуун комбинациясы сунушталууда
Атамбаев: орус тилинде билим алган окуучулар кыргыз тилин да билиши керек
Белгилер:
абитуриент, студент, билим алуу, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ