17:39 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
88 0 0

Кыргызстан өз ордун табуусу зарыл, бирок ЕАЭБге кирүү менен көйгөйлөрдүн баары дароо чечилет дегенден алыс болушубуз керек. Элдин биримдигин бекемдөө дагы ондогон жылдар бою башкы маселе боюнча калат деди мамлекет башчы.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын стабилдүүлүгү кыл учунда экенин президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө билдирди.

Мамлекеттин тышкы саясаты өлкөнүн улуттук кызыкчылыгынын негизинде түзүлгөнүн белгилеген президент Кыргызстан менен эсептешип, дүйнө коомчулугу мамлекетти жарды өлкө катарынан чыгарганын айтты.

"Биз өз жүйөлөрүбүздү так жана ачык келтирип келебиз. Дүйнөлүк банк Кыргызстанды жарды мамлекеттердин катарынан чыгарды. Буга кыргызстандыктар менен мамлекеттик аппараттын коррупцияга каршы талыкпас эмгеги өбөлгө болду", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы мамлекеттин мындан аркы өнүгүшү үчүн башка өлкөлөр менен интеграциясы зарыл экенин белгиледи. 

"Кыргызстан өз ордун табуусу зарыл, бирок ЕАЭБге кирүү менен көйгөйлөрдүн баары дароо чечилет дегенден алыс болушубуз керек. Элдин биримдигин бекемдөө ондогон жылдар үчүн башкы маселе боюнча калат. Мамлекет бул багытта жигердүү аракеттерди көрөт. Элдин жана республикада жашаган улуттардын ынтымагы үчүн ар бирибиз кыргыз тили чындап мамлекеттик тил болушу үчүн кол кабыш кылышыбыз керек", — деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнө жүзүндөгү акыркы окуялар жана Бишкектеги террористтерди жок кылуу боюнча операция мамлекеттин стабилдүүлүгү кыл учунда экенин көрсөттү.

"Билими жок караңгы акмактар эле эмес, айрым саясатчылар да тынчтыкты, адам өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин далилдешти. Ал эми бул террористтерди каржылап келген мурунку акжолчу-депутат алдыдагы парламенттик шайлоого аттанганы жатпады беле", — деди Атамбаев.

Сөзүнүн аягында президент Кыргызстандын алдында көптөгөн сыноолор бар экенин белгиледи. Мамлекет системалуу маселелерди чечиши керек, ал эми өлкөнүн чыныгы эгемендиги ар бир кыргызстандыктын аракетине жараша болот  деди өлкө башчысы. 

Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)

Тема боюнча

Атамбаев: ким өз аскерин бага албаса, ал башка аскерди багат
Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты
Белгилер:
президент, куттуктоо, Ала-Тоо аянты, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ