Ошто эгемендүүлүк күнү менен элди өкмөт башчысы Темир Сариев куттуктайт

Жазылуу
Өкмөт башчысы сапардын биринчи күнү Ош шаарындагы жана Алай районундагы бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышат.

БИШКЕК, 31-авг — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ошко жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, Эгемендүүлүк майрамында Ош шаарындагы борбордук аянтта элди куттуктайт. Андан кийин Алай районуна жөнөп кетет деп өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев Жалал-Абаддын окуучуларына ачык сабак өткөрөт
Өкмөт башчысы сапардын биринчи күнү Ош шаарындагы жана Алай районундагы бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышат.

Алай районунда Гүлчө айылында бала бакчанын ачылыш салтанатында кызыл тасманы кесет. Ал эми кечке маал Ош шаарына кайтып келип, реконструкциядан өткөн Ата-Түрк сейил багын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен бирге расмий ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0