Обама: КР менен АКШ элинин ортосундагы достуктун чыңдалышын чыдамсыздык менен күтөм

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенти Барак Обама Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманын Алмазбек Атамбаевге жолдогон куттуктоо катында Кыргызстан менен АКШ элинин ортосундагы достуктун чыңдалышын чыдамсыздык менен күтөөрү жазылат.

Обаманын айтымында, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын эгемендигин тааныган алгачкы мамлекеттерден.

"Акыркы 24 жылдан бери АКШ сиздердин мамлекеттин экономикалык жана саясий жактан өнүгүшүн кеңири тармактарда колдоп келди. Биз ошондой эле, аймактык коопсуздукту камсыздоодо, терроризмге жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатында чогуу иштедик", — деп айтылат АКШнын президентинин куттуктоосунда.

Обама саламаттык сактоо, билим берүү жана демократия өңдүү тармактарда эки мамлекеттин кызматташтышы улана берерин баса белгилеген.

Американын президенти өз куттуктоосунда күздө боло турган парламенттик шайлоо өлкөнүн демократиялык айкындуулукка болгон аракетинин бири деп кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0