Путин: КР менен кызматташуу Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздоого жардам берет

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент Владимир Путин жана президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Владимир Путин жана президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россиянын Кыргызстан менен кызматташуусу Борбор Азиядагы туруктуулукту камсыздоого жардам берет деп айтылат Владимир Путиндин Кыргызстан элин жана Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграммасында.

Орус президентинин белгилөөсүндө орус-кыргыз алакалары стратегиялык өнөктөш катары ишенимдүү жана ийгиликтүү өнүгүп келет.

"Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши мамилердин мындан ары да тыгыз өрчүшүнө өбөлгө түздү", — деп айтылат Россиянын президентинин куттуктоосунда.

Путин ошондой эле, Атамбаевдин жетекчилиги алдында өлкөнүн экономикасы алдыга жылып, анын эл аралык иштерде аброю өсүп жатканын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0