31-августта аянтка келген эл текшерүүдөн өткөн соң гана киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери Бишкектин Борбор аянтында. Архив
Милиция кызматкери Бишкектин Борбор аянтында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын жеке курамы жарандарга сылык мамиле кыла турганын шаардык милициядан билдиришти.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Шаардык милиция майрамдык иш-чарага келгендерге көз сала турганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

31-августта Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгынын урматына борбор калаада жана башка шаарларда майрамдык иш-чаралар өтөт.

Эгемендүүлүк майрамы 10 мүнөттүк салют жана алты сааттык концерт менен коштолот
ШИИБден билдиришкендей, милициянын жеке курамы элдин коопсуздугун камсыздоону атайын жыйында талкуулашты. Жыйында эл көп чогулган жерлерди милиция кызматкерлери коопсуздукту сактоо үчүн күзөтөрү айтылды. Аянтка келген кишилер текшерип өткөрүү пунктары аркылуу киргизилет. Мындай аракеттер элдин коопсуздугун жана алардын жайлуулугун камсыздоо үчүн жасалууда.

Бул күнү коомдук тартипти төрт миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Ошондой эле, жол кайгуул кызматынын инспекторлору да күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Бишкек гарнизонунун жеке курамы 29-31-август күндөрү аскердик даяр абалда турушат. Жеке курам жарандарга сылык мамиле кыла турганын шаардык милициядан билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0