Мэрия мыйзамсыз тосуп алынган дубалдарды сүздүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБульдозер менен үйдү талкалоо. Архив
Бульдозер менен үйдү талкалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоочулар мыйзамсыз тосуп алган коруктарын түрттүрүүгө макулдугун беришүүдө.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы төрт үйдүн мыйзамсыз салынган коруктарын түрттүрө турганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти мэрия түрттүрүп салды - Sputnik Кыргызстан
Он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти мэрия түрттүрүп салды
Маалыматка ылайык, Дордой жаңы конушунун жашоочулары шаарга тиешелүү жерлерден бери тосуп алган учурлар аныкталган.

Мэриянын алдындагы Жеке турак-жай куруу департаменти билдиргендей, май айында мыйзамды бузуп жер тилкесин чоңойтуп алган жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, тосуп алган жерлерди кайтаруу сунушталган.

Бирок жашоочулар ага эч кандай көңүл бурбагандыктан, Жеке турак-жай куруу департаменти сотко арыз жазууга аргасыз болгон. Сот иштерине катышууну жана 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөнү каалабаган жарандар өз ыктыяры менен курулган тосмолорду түрттүрүүгө макулдугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0