Мугалимдердин эс алуусун Сариев көзөмөлдөйт

© Sputnik / Алексей Владыкин / Медиабанкка өтүүМугалим аудиториянын ичинде. Архив
Мугалим аудиториянын ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев мындан тышкары, мамлекеттик орган кызматкерлери, анын ичинде билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн ипотека маселесин белгилеп, өкмөт тараптан бул жаатта белгилүү иш аткарылгандыгын маалымдады.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу атайы фонд түзүлүп, ал өлкөнүн мугалимдеринин ден соолугун чыңдоо маселеси менен алектене турганын премьер-министр Темир Сариев билим берүү кызматкерлеринин III съездинин жабылуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин саламаттыгын чыңдоо маселеси олуттуу түрдө каралбай, эс алуу борборлоруна жана санаторийлерге жолдомолор калыс бөлүнгөн эмес.

"Мен сиздердин алдыңыздарда Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү кызматкерлеринин Профсоюздук федерациясы менен биргеликте аталган маселе боюнча тийиштүү сунуш киргизилишин, ал эми Финансы министрлигине бул Фондду каржылоо булактарын жана механизмдерин аныктоо тапшырмасын берем", — деди өкмөт башчы.

Сариева: жаңы жылдан тарта мугалимдердин категориясы кайтарылат
Сариев мындан тышкары, мамлекеттик орган кызматкерлери, анын ичинде билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн ипотека маселесин белгилеп, өкмөт тараптан бул жаатта белгилүү иш аткарылгандыгын маалымдады. Анын айтымында, учурда аталган компанияны каржылоо булактары издештирилүүдө.

Республиканын бардык аймагынан келген билим берүү кызматкерлеринин башын бириктирген съезд 26-27-август күндөрү Бишкекте өттү. Билим берүү системасында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-2016-жылдарга карата өнүгүү багытын аныктоону аксаттаган съездде беш блокко бириикен 11 секция иш алып барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0