Оксана Малеванаянын соту бүгүн Бишкекте болот

© AFP / DAMIEN MEYER Фемиданын таразасы. Архив
Фемиданын таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малеванаяга карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы июль айынын аягында билдирип, бирок, Жогорку сот иш келе электигин айткан.

БИШКЕК, 27-август — Sputnik. Оксана Малеванаянын соту Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн болорун Жогорку Соттун маалымат кызматынын жетекчиси Айнура Токтошова билдирди. 

Сот отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот: Малеванаяга карата кылмыш иши сотко өткөн жок
Президентинин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаяга карата ачылган кылмыш ишин кароо 2015-жылдын 27-августуна белгиленген. 

Малеванаяга мамлекеттик коргоого алынган, мэриянын чечими менен тарыхый, маданият жана архитектура мурасы категориясына кирген "Учкун" ишканасынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз берүү боюнча Кылмыш жаза кодексинин алдамчылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы июль айынын аягында билдирген. Бирок, Жогорку сот аталган иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна түшпөгөнүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0