Бишкектин айрым райондорунда беш күнгө газ өчүрүлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОАО "Газпром" жумушчулары оңдоо иштерин өткөрүп аткан кези. Архив
ОАО Газпром жумушчулары оңдоо иштерин өткөрүп аткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана газдын өчүрүлүшү түтүктөрдөгү газдын чыккан жерлерин оңдоо максатында болуп жатканын эскертет.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү беш күнгө токтой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирет.

Газ түтүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Газпром Кыргызстан" компаниясы "Ташкент-Бишкек-Алматы" газ түтүктөрүн оңдойт
Маалыматка ылайык, газ 26-31-август күндөрү Жаш Гвардия, Жибек Жолу проспекти, Алма-Ата жана БЧК көчөлөрү менен кесилишкен, ошодой эле Орозбеков, БЧК, Эркиндик менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүктөрүнө  берилбейт.

Ишкана газдын өчүрүлүшү түтүктөрдөгү газдын чыккан жерлерин оңдоо максатында болуп жатканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0