Күйдүргү дартынан улам Ат-Башыда мал эмделип жатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМал доктуру. Архив
Мал доктуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги мал менен байланышта болгон бардык жарандарга антибиотикалык профилактика жүргүзүлгөнүн белгилейт. Маалымат боюнча медицина кызматкерлери очокту дезинфекциялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жети айында республика боюнча күйдүргү аныкталган 10 учур катталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алтоо Жалал-Абад, төртөө Ош облустарында табылган.

Министрлик буга чейин Ат-Башынын Өзгөрүш айылында мал сойгондон кийин күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылган үч жарандын абалы туруктуу экенин, тийиштүү дарылоодон өтүп жатышканын белгилейт. Лабораториялык изилдөөнүн натыйжасында ооруканага кайрылгандардын экөөсүнүн дарты тастыкталган.

"Күйдүргү очогунда эпидемияга каршы бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Мал менен байланышта болгон бардык жарандарга антибиотикалык профилактика жүргүзүлдү. Медицина кызматкерлери очокту дезинфекциялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме Өзгөрүш айылындагы Сары-Тал жайлоосунда ветеринарлар ири мүйүздүү малдын 650 башына, 60 кой-эчкиге жана 70 жылкыга эмдөө жасалып, учурда аймакка карантин жарыяланганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0