Чычкандагы өрт толук өчүрүлдү

© пресс-служба МЧС КРУщелье Чычкан после пожара. Архивное фото
Ущелье Чычкан после пожара. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда башталган өрттү өчүрүү үчүн атайы МИ-26Т, МИ-8 тик учактары жана 800дөн ашуун куткаруучу, өрт өчүрүүчү, ӨКМ, токой чарба, Улуттук гвардия кызматкерлери тартылган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайындагы өрт толук өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирет.

ӨКМ кызматкери күрөк менен от өчүрүү иштери Чычкан капчыгайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкандын өрттүн жайылышы токтотулду
Маалыматка ылайык, буга чейин капчыгайдын жетүүгө кыйын бийик тоолуу Канышай аймагында өрттүн жайылышы токтотулуп, 300гө жакын жергиликтүү тургун жана ӨКМ өкүлдөрү абалга көзөмөл жүргүзүшкөн. 

Учурда капчыгайдагы өрт толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен капчыгайдын 640 гектарга жакын жериндеги кургак чөп, бадалдар күйүп кетти.

Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда башталган өрттү өчүрүү үчүн атайы МИ-26Т, МИ-8 тик учактары, жана 800дөн ашуун куткаруучу, өрт өчүрүүчү, ӨКМ, токой чарба, Улуттук Гвардия кызматкерлери тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0