Бишкек шаарында күн 29 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы көчөлөрүндө. Архив
Бишкек шаарындагы көчөлөрүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада бүгүн жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн абанын температурасы 13 градуска чейин төмөндөйт.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында күн 29 градуска чейин ысып, жаан жаабай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метр секундага жетет. Түнкүсүн абанын температурасы +11…+13 градус жылуу болот. 

Ал эми Ош шаарында күндүз 30 градуска чейин ысыса, түнкүсүн 16 градус жылуу болот.

Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0