Зыяратчылар Сауд Аравиясына учар күнү аэропортко 5 саат эрте келиши шарт

© AFP / STRМекка. Архив
Мекка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын жүрүшүндө ажылыктагы түйшүктөргө чыдап, зыяратчылардын ажылык амалдарын толук кандуу аткарылышына бар күчтү жумшоо боюнча ажы башчыларга бир катар маанилүү маалымат берилди.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ажылык сапарга аттанган зыяратчылар учуу күнү аэропортко белгиленгенден беш саатка эрте келиши керектиги борбордук мечитте өткөн жыйында белгилүү болду. 

Оорукананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга бара турган зыяратчылар эмдөөдөн өтүп жатат
Маалыматка ылайык, жыйын жүрүшүндө Кыргызстан аймагындагы ажы башчыларга коопсуздук, ажылыктын эрежелери, учуу шарттары туурасында айтылды. 

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Эратов Равшан ажы, КМДБнын ажsлык бөлүмүнүн кызматкерлери, кыргыз авиациясынан жана Сауд Аравиясынын "Флай-Нас" авиакомпаниясынан бир өкүл келип учуу тартиптери, жол жүктү алуу шарттары туурасында кеңири түшүндүрүп беришти. 

"Учуу күнү зыяратчылар каттоого беш саат мурун келиши керек. Учуу убактысына бир саат калганда эшик толугу менен жабылып, учактын ичинде зыяратчыларды жайгаштыруу тартиптери, коопсуздук жана техникалык эрежелери түшүндүрүлөт", — деди "Флай-Нас" авиакомпаниясынын өкүлү.

Ажылыкка барган мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажы сапарына аттангандардын эң улуусу 93 жаштагы баткендик аксакал
Билдирүүдө жыйын жүрүшүндө ажылыктагы түйшүктөргө чыдап, зыяратчылардын ажылык амалдарын толук кандуу аткарылышына бар күчтү жумшоо боюнча ажы башчыларга бир катар маанилүү маалымат берилгени айтылат.

Азирети муфтийдин орун басары ажылык иш тактыкты жана жоопкерчиликти талап кыларын, ар бир ажы башчы өз тобуна кам көрүүсү милдет экенин баса белгиледи.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылар Сауд Аравиясына 27-августтан 13-сентябрга чейин учуп, 15-октябрга чейин кайра кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0