Сариев: адамдардын кайдыгерлигинен улам жүздөгөн гектар жер өрттөнүп кетти

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайындагы өрт. Архив
Чычкан капчыгайындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрт 120 гектар аянтты каптап, аны өчүрүү үчүн бүгүн 800гө жакын адам тартылды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйында жер-жерлерде өрткө каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын жана жаратылышка этият мамиле кылуу керектигин айтты. 

Анын айтымында, айрым адамдардын кайдыгерлигинен улам, бир нече күндөн бери Чычкан капчыгайында өрт өчпөй, аны токтотуу аракети бир канча күндөн бери уланууда.

"Учурда өрт 120 гектар аянтты каптап, аны өчүрүү үчүн 800гө жакын адам тартылды. Казакстандан атайын өрт өчүрүүчү тик учак чакырылды. Бул адамдардын кайдыгерлигинен улам келип чыкты. Андыктан, ар бирибиз жаратылышты сактап, этият мамиле кылышыбыз керек", — деди Сариев.

Премьер бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тийиштүү чараларды көрүп, аймактардагы өрт чыгуу коркунучунун алдын алуу жана көзөмөл аракеттерин күчөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0