Кувейттен Кыргызстанга жаңы медициналык жабдуу келди

© Sputnik / Табылды КадырбековОперация кылуучу лампа. Архив
Операция кылуучу лампа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ооруканалары менен бейтапканаларына бериле турган жабдуунун жалпы наркы 2,2 миллион сомго бааланууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кувейт мамлекетинен Кыргызстанга медициналык жабдуу жүктөлгөн гуманитардык жүк келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Кыргызстандын ооруканалары менен бейтапканаларына бериле турган жабдуунун жалпы наркы 2,2 миллион сомго бааланууда. 

"Гуманитардык жүк Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Ислам эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы Абдуллах Матуук Аль-Матууктун сүйлөшүүсүнүн негизинде келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда келген медициналык жабдуулар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0