Укук коргоо жана аскер кызматкерлери үчүн Ошто 186 батир бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батирлер Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган үйлөрдөн берилет.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Аскер кызматкерлерине Ош шаарында 186 батир бериле турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Үй курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт мамлекеттик ипотекалык компания түздү
Турак-жай бөлүү тууралуу токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койду. Ага ылайык, батирлер Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган үйлөрдөн берилет.

Турак-жайлар Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, Мамлекеттик баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын, Куралдуу күчтөр жана башка аскер кызматкерлерине бөлүнөт.

Аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине квартираларды баланска алуу, батир алчулардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн комиссияларды түзүү тапшырмалары берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0