12:20 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
137 0 0

Быйыл Меккеге бара тургандардын арасында аялдар менен эркектердин саны теңме-тең.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга бара тургандар 18 рейс менен учуп, акыркы топ 11-сентябрда жөнөп кетет. Быйылкы зыяратка баруучулардын эң улуусу 93 жашта. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Кыргызстан муфтийинин орун басары Замир Ракиев билдирди. 

Анын айтымында, сапарга чыккандар Кыргызстандын Ош жана Бишкек шаарларынан учуп, баш-аягы 18 авиарейс жасалат.

"Ош шаарынан жети, ал эми Бишкектен 11 рейс менен 3685 киши учат. Азыркы маалыматтарга ылайык,аялдар менен эркектердин саны теңме-тең", — деди Ракиев.

Алардын арасында эң улуусу зыяратчы 93 жаштагы баткендик аксакал. 

"Эң улгайганы баткендик, Кадамжай районунан бара турган аксакал, аны 63 жаштагы уулу коштоп барат. Жетимиш жаштан өтүп калган карыяларды негизинен аялдары карап алып барууда. Булардан сырткары, бардык зыяратчыларга көз салып, коопсуздугун сактаган 70тен ашуун ажы башчылары бара жатат", — деди муфтийдин орун басары.

Ракив ажылыкка аттангандар арасында кош бойлуу аялдар болушу мүмкүндүгүн, бирок алардын ай-күнү жакындап калса, аэропорттогу көзөмөл деле өткөрбөй тургандыгын билдирди.

"Ажыга барчулар арасында кош бойлуулар болуп калышы мүмкүн. Былтыр сегиз ай боюнда бар бир аял учуп кетип, абдан кыйналганбыз. Быйыл муну дыкаттык менен караганга аракет кылдык. Ал эми 3-4 айлык болсо аны учакка отурушун аэропорттогу көзөмөл да, биз да тыя албайбыз", — деди Ракиев. 

2015-жылы Меккеге баруу үчүн Сауд Аравиясы 3685 квота берсе, анын 125и ажылык штабга бөлүнгөн. Калган 3560 орун чүчү кулак аркылуу тандалган. Быйылкы ажылык сапар 2,5 миң доллар болду. 

Ажылардын биринчи тобу Кыргызстанга 2015-жылдын 28-сентябрында, ал эми акыркылары 15-октябрында кайтып келишет.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Бишкектин тургундары өз ыктыяры менен граната, ок-дарыларды тапшырды
Белгилер:
кош бойлуу, ажылык сапар, Замир Ракиев, Мекке, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ