Мэрия таштандыдан WhatsApp жардамы менен арылууда

© пресс-служба мэрии города БишкекАсанбай базарынын алдындагы таштанды. Архив
Асанбай базарынын алдындагы таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баракчада көрсөтүлгөн уюлдук телефондун номери ишкананын жетекчисине таандык. Анын айтымында, баракчалар кокустан эле пайда боло калган жок.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашев Sputnik агенттигине Бишкектин үйлөрүнө чапталган баракчалар тууралуу түшүндүрмө берди.

Белгисиздер тарабынан таркатылган баракчаларда "Эгер корооңуздагы челектер таштандылардан бошотулбаса, сүрөтү менен дарегин WhatsApp 0 550 22 06 15 номерине жөнөтүп жибериңиз" деп жазылган.

Баракчада көрсөтүлгөн уюлдук телефондун номери аталган ишкананын жетекчисине таандык. Анын айтымында, баракчалар кокустан эле пайда боло калган жок.

"Номеримдин жайылып кеткенин кечээ гана билдим. Түндөн бери 20 билдирүү келди. Бир чети бул мага жардам болго, экинчи жагынан бардык жерге барууга чамам жетпейт экен", — дейт Сарпашев.

Жетекчи билдирүү жөнөткөндөрдүн арасында таштандыларды тазалоомду талап кылгандар да, тескерисинче, ыраазычылык билдиргендер да бар экенин белгиледи.

Мэрия шаардыктар таштандылардын жыйналбаганы тууралуу 185 номери аркылуу да билдиришсе боло турганын маалымдайт. Мындан тышкары, муниципалитет шаардын тиги же бул тилкеге бекитилген короо шыпыргычтардын байланыш маалыматтарын жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0