Ниязалиева: мектеп курулуштары өз мөөнөтүндө бүтпөсө, тийиштүү адамдарга чара көрүлөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер айыл эли менен жолугушуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун суусуз жана жылуулуксуз калган имаратын көрдү. Натыйжада вице-премьер 10 күндүн ичинде имаратты суу менен камсыз кылып, ноябрь айына чейин жаңы буу казандарын орнотууну тапшырды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Мектептерди курууда анын сапатына басым жасалып, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бергидей болушу керектигин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында чиновник Нарындагы капиталдык курулуш тизмесине кирген объектилер менен жеринде таанышып чыгат.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: чет жерден иштеп тапкан акчаны Кыргызстандан да табууга болот
Ниязалиева Кочкор районунун Шамшы жана Ак-Жар айылдарында салынып жаткан мектептердин акыркы курулуш иштери менен таанышты. Окуу жайларынын ар бири 275 орунга эсептелип, ноябрь айында окуучуларды кабыл ала баштайт. 

Мындан тышкары, чиновник аталган айылдын эли менен жолугушуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун суусуз жана жылуулуксуз калган имаратын көрдү. Натыйжада вице-премьер 10 күндүн ичинде имаратты суу менен камсыз кылып, ноябрь айына чейин жаңы буу казандарын орнотууну тапшырды.

Ниязалиева аталган мектеп имараттарынын курулушу өз мөөнөтүндө аякташы керектигин, эгер тапшырма аткарылбаса, жоопкерчиликтүү адамдарга карата кескин чара көрүлө турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0